18 ноября 2017
Не нравится 0 Нравится

Минус Мирбек Атабеков - Нурдануу

Текст (слова) песни Мирбек Атабеков - Нурдануу:

Размер текста:

Эң кымбат белектей,
Өмүрдү кадырлаш керектей.
Жеттимби баркына?
Аптыгам айта албай,
Артыма кайта албай.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнбөй койдум калпына!
Кайырма:
Бала кезге баргым келет,
Жалганды билбеген,
Жай-кышы гүлдөгөн.
Адам бойдон калгым келет,
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап...
Өткөндү кектебей,
Пейилиңди оңдосоң,
Өзүмчүл болбосоң.
Чындыктан четтебей,
Адамды сыйласаң,
Жан дүйнөңдү нур басат.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнө албадым калпына!
Кайырма
Бала кезге баргым келет,
Адам бойдон калгым келет.
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап,
Ак жашап...



Смотри ещё:


Ваш комментарий:

Регистрация